Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

12-декабрда бүткүл прогрессивдүү адамзат улуу ойчул, гуманист жазуучу Ч. Айтматовдун туулган күнүн белгилешет.


   12-декабрда бүткүл прогрессивдүү адамзат улуу ойчул, гуманист жазуучу Ч. Айтматовдун туулган күнүн белгилешет. Бул күн Ч. Айтматовдун урматына улуттук адабият күнү катары жарыяланган. Улуу жазуучу тирүү болгондо быйыл 91 жашка чыкмак. Өз элине, өз жерине, өз мамлекетине мынчалык абройду, кадыр-баркты алып келген ааламда саналуу гана адамдар бар экендигин адамзат жакшы билет. Өзүнүн көзү өтсө да чыгармалары, байсалдуу эмгек жолу аркылуу элине бел болуп, Ала-Тоосунун дайыма желбиреп турган туусуна айланып, кыргыз мамлекетинин келечек өнүгүп-өсүшүнө эбегейсиз салым кошуп жаткандыгын белгилеп, айтпай коюуга болбойт.

    Себеби, кыргыз элинин сыймыктуу туу тутары, жазуучулук орошон таланты менен миллиондогон дүйнө элдерине таанылган. Жерин, элин ааламга даңаза кылган улуу жазуучуну унутууга болбойт.   

     Үстубуздөгү жылдын 12-декабрь  Улуттук адабият күнү майрамында КР Улуттук жазуучулар Союзунун  85 жылдык мааракесине  арналган иш чара өткөрүлүп, ага ББЗИТИнин  ЖКББФнин  педагогика тармагындагы биринчи жана экинчи курстардын  студенттери барып келишти. Майрамдык салтанат А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болуп өттү. Бул майрамдык салтанатта  Президент аппаратынын жетекчиси С.Раев, маданият министрлигинин  орун басары

     К. Иманалиев куттуктоо сөзүн айтышты, атайын уюштурулган маараке кызыктуу өтуп студенттер көнулдүү кайтышты

Даярдаган «Педагогика» кафедрасынын окутуучусу Турусбекова А.Т.


  • Автор: admin
  • Создано: Декабрь 17th, 2019
  • Просмотрено: 1800
Alexa Seleno
@alexaseleno