Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

2018-жылдын 20-апрелинде ББЗИТИнин «Авангард» кесиптик колледжинин ПНК-15-01 тайпасынын студенттеринин демилгеси менен “Кош бол, Алиппе” аталышындагы студенттик иш-чара өткөрүлдү.


2018-жылдын 20-апрелинде ББЗИТИнин «Авангард» кесиптик колледжинин ПНК-15-01 тайпасынын студенттеринин демилгеси менен “Кош бол, Алиппе” аталышындагы студенттик иш-чара өткөрүлдү. Иш  чаранын уюштуруу иштерин кесиптик колледждин окуу-тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Акматкеримова Г.К. жана кыргыз тил сабагынын мугалимдери Кылычова Т.Б., Искакова М.Э. алып барышты. Бул иш-чаранын максаты бүтүрүүчү студенттердин мамлекеттик педагогикалык практикасынын жыйынтыктоо болуп эсептелет.

Төмөндөгү студенттер активдүү катышкандыгы үчүн Институттун Ардак грамотасы менен сыйланышты: Рахимова С., Жээналиева Н., Доутбек кызы Б., Алмазбекова Н., Таалайбек кызы Л., Гапыр кызы А., Жунушалиева Ж. Белгилей кетчү нерсе, №5 УКГ нун музыка мугалими Кубатбеков Адилеттин музыкалык коштоосунда концерттик программа жогорку деңгээлде болуп өттү.


  • Автор: admin
  • Создано: Апрель 20th, 2018
  • Просмотрено: 3053