Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

2020-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи.


Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунда  2020-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү.  Өткөн окуу жылында кесиптик  колледжди 6 адистик боюнча жалпысынан 158 бүтүрүүчу аяктады, алардын ичинен 15 студент артыкчылык дипломдоруна ээ болушту.

Окуу жайыбыздын илим боюнча 1-проректору, профессор, юридика илимдеринин доктору Саякова Мария Касымбаевна дипломдорду тапшырып жатып, ар бир бүтурүүчү окуу жайдын сыймыгы экенин белгилеп өттү. Ошондой эле окуу иштери боюнча проректор, доцент, философия илимдеринин кандидаты Б.А.Мааткеримов, педагогикалык чеберчилик факультетинин деканы А.А.Шейшенбекова жана окуу-усулдук башкармасынынын башчысы А.Ф.Омарова  жалпы бүтүрүүчүлөрдү окууну аякташы менен куттуктап өз калоо сөздөрүн айтышты.

Биздин бүтүрүүчүлөрдүн арасында өз кесиби менен жумушка орношуп иштеп жатышкандар көп. Алардын ичинен атай кетсек Мыкеева Тахмина “Билимкана Бишкек”, Козубекова Айгерим №79 ортомектепте жана Жапанова Зарина Б.Г.Бажан атындагы орто мектепте өз кесибин аркалап жүрүшөт. Бардык бүтүрүүчүлөрүбузгө келечекте мыкты адис болушун каалайбыз!


  • Автор: Sheraman Talantbekov
  • Создано: Ноябрь 16th, 2020
  • Просмотрено: 52