Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

9-май УлууЖениш күнү. Мындан 73-жыл мурда СССР элдеринин жалпы биримдиги менен фашисттик Германияны жеңип, Улуу Ата Мекендик согуштун улуу жеңиши орногон.


   9-май Улуу Жениш күнү. Мындан 73-жыл мурда СССР элдеринин жалпы биримдиги менен фашисттик Германияны жеңип, Улуу Ата Мекендик согуштун улуу жеңиши орногон.

   Бул жеңишти чоң аталарыбыз миңдеген чакырымдар алыста, беш жыл бою фашисттик баскынчылар менен болгон кандуу согушта, чексиз азаптарды, көптөгөн жоготууларды алтын баштарынан кечирүү менен бизге тартуулашкан. Кыргызстандык жоокерлер жана ооруктун эмгекчилери жалпы совет эли менен бирдикте майданда кан кечип, фронтту ок-дары, жарак-жабдык жана азык-түлүк менен камсыз кылып, согуш азабын чогуу көтөрүштү. Советтик Армиянын катарында 360 миңден ашуун жердешибиз баатырларча салгылашкан. Алардын ысымдары ыйык согуштун даңктуу таржымалында түбөлүккө жазылып калды. Немецтик-фашисттик баскынчыларга каршы согушта көрсөткөн каармандыгы, баатырдыгы жана эрдиги үчүн 150 миңден ашуун жоокерлер жана командирлер орден, медалдар менен сыйланган. 22 жердешибиз “Даңк” орденинин толук кавалери болуп, 73 жоокерге Советтер Союзунун Баатыры деген эң жогорку наам ыйгарылган.

     Бул майрам биз үчүн түбөлүккө даңктуу майрам болуп кала берет. Урпактар үчүн жанын аяшпай, согушта эрдик көрсөтүп келген бардык аталарыбызга түбөлүк даңк! Жалпы Мекендештерди ушул Улуу майрам менен чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз!

Эскергиле

Төрт жыл бою тынчтык шаңы тыйылып

Түрүүлүккө согуш дарты жабышкан

Жапжаш бойдон далай жоокер кыйылып,

Жер астынан түбөлүк жай табышкан

Кара кийип кимдер жашын төкпөдү

Канкор ажал кол салганда өмүргө

Калааларды, талааларды өрттөдү,

Каргашалар колтук ачып өлүмгө.

Баш көтөрбөй, жер кучактап калышты

Бала көрүп, бала көрбөй өлгөндөр.

Элди коргоп эрлер отко жанышты,

Эскергиле ошолорду көргөндөр.

      Жеништин  таттуу даамын таткан күндөн бери канчалаган суулар акты, жылдар өттү. Ар бир жылы кутман ардагерлерибизди көрүп, согушапаатын оз ооздорунан угуп, алар менен чогуу Жениш кунду белгилеп жатканыбыз биз учун улуу сыймык. Анткени баргансайын алардын саны азайып барат, биз аларды тируу коруп турган акыркы муундарбыз.

     Урматтуу, кадырлуу согуштун ардагерлери, ажал отун кечип, биздин келечегибиз учун курошконунуздорго ырахмат!

     Биз согуштан кийин торолуп, анын запкысын тартпаганыбыз, гулдогон эркин олколордо жашаганыбыз учун, башыбызды ийип, таазим этебиз! Арабызда ополтоодой аркак болуп журобериниздер,бар болунуздар!


  • Автор: admin
  • Создано: Май 4th, 2018
  • Просмотрено: 17094