билим берүүдѳгү заманбап информациялык технологиялар институту

Жакшылык жерде калбайт - Не уставайте делать добро

Адамдагы сулуулук жүздө, жүздөгү сулуулук көздө. Бирок, адамды сулуу кылган оозунан чыккан сөз болот.


Чечендик өнөр — адамдын тубаса таланттуулугуна түздөн-түз байланыштуу келип, эчен, ар кыл чөйрөдө, ар кандай жагдайга кабылып, өзүнүн логикасын, өз күчүн, тапкычтыгын, акыл таразасын, психологиясын сынаган тынымсыз көнүгүүсүнүн, изденүүсүнүн аркасында жүрө-жүрө калыптанат. «Сүйлөй, сүйлөй — чечен болот» деген кеп бар элде. Окумуштуу, белгилүү тилчи, профессор Ж. Мукамбаев: «Эл чечен — деп, сүйлөгөн кезде илхамы келе түшкөн, эч кандай кагаз, карандашсыз шар сүйлөгөн, токтоосуз жооп тапкан, импровизаторлук менен куюлуштурган, үнү да, кеби да коңур келген, сөздөрү уккулуктуу, мазмундуу чыккан адамды айтышкан» — деп жазат. «Чечендер сөздү тез тапкандыгы, таамай айтууга чебердиги, кырдалды тез түшүнгөндүгү, сезгичтиги менен башкалардан айырмаланат».

Биз дагы жаш муундарды тарбиялоо максатында Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун 1-2 курсунун студенттерине чечендик өнөр (оратордук искусство) боюнча «Алтын Рысбекова» тренинг борборунун директору А.Р. Рысбекова келип, биздин студенттер менен маектешип, трибунада өз ойуңду жеткирип сүйлөө жана түшүндүрө билүү, чечендик онордун маани-маныздын, табиятын уйроно билуу ондуу маселелерди которду. Тренинг борборунун окулдору актуалдуу темалардан сөз кылып студенттерге ийгилик каалап кетишти.

Уюштуруу жана тарбия иштери боюнча проректор

К.Б. Жаникулов


  • Автор: admin
  • Создано: Февраль 28th, 2019
  • Просмотрено: 1808