билим берүүдѳгү заманбап информациялык технологиялар институту

Жакшылык жерде калбайт - Не уставайте делать добро

Алп манасчылардын көчүн улаган Рысбай Исаков


2020-жылдын 7-февралында ИСИТОнун чоң залында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Эл аралык конкурстардын лауреаты, акын жана манасчы Рысбай Исаков Жогорку кесиптик билим берүү факультетинин, Медициналык жана “Авангард” кесиптик колледждеринин студенттери менен жолукту.

Жолугушууда манасчылык өнөрдүн касиети, дегеле Манас ааламы тууралуу студенттерге кызыктуу маек куруп, “Манас” эпосунан үзүндү айтып берди.

Кеченин соңунда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чарага мыкты дилбаян менен катышкан студенттер дипломдор менен сыйланды


  • Автор: admin
  • Создано: Февраль 8th, 2020
  • Просмотрено: 2029