билим берүүдѳгү заманбап информациялык технологиялар институту

Жакшылык жерде калбайт - Не уставайте делать добро

Азыркы көп маданияттуу дүйнөдө тилдердин биримдиги жана тилдердин ар түрдүүлүгү


Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институту (ИСИТО) биргеликте 2019-жылдын 22-майында “Азыркы көп маданияттуу дүйнөдө тилдердин биримдиги жана тилдердин ар түрдүүлүгү” деп аталган эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция өткөрдү

Конференциянын иш багыттары:

  • Азыркы көп маданияттуу дүйнөдө көп тилдүүлүктү өнүктүрүүнүн теориялык жана методологиялык көйгөйлөрү.
  • Тилдерди үйрөтүүнүн методикалык ыкмалары жана көйгөйлөрү.
  • Кыргыз, орус, англис, кытай тилдери: лингвистикалык жана методикалык аспект.
  • Тилди окутуудагы заманбап байланыш технологиялары.
  • Тилдерди окутуунун заманбап парадигмасы (үлгүсү).
  • Тилдин маданияттагы жана социумдагы өмүрү.

 

Конференцияны Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун ректору Кубаев Борис Хамитович жана КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Ишекеев Назаркул Ишекеевич ачып беришти.

КР Президентинин Аппаратынын жооптуу кызматкери Тажиматов Санжарбек Камбарович жана Казакстан Илимдер академиясынын академиги, Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин профессору Сманов Бахтияр Урисбаевич куттуктоо сөзүн сүйлөшүп, конференциянын ишине ийгилик каалашты. Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Кытайдын окумуштуулары катышып, баалуу ой-пикирлерин ортого салышты.

Баяндамалар:

Чыманов Жеңиш Арипович, п.и.д., профессор, ББЗИТИнин Илимий кеңешчилер кеңешинин мүчөсү «Көп тилдүүлүк – ааламдашуу доорунун заманбап чакырыгы»

Тагаев Мамед Джакыпович, Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин профессору, ф.и.д. «Орус тили – билим берүү тутумунда жана Кыргызстандын жарандарынын кадыресе аң-сезиминде».

Алтаева Гульнар Абдуллаевна, М.Х.Дулати атындагы Тараз мамлекеттик университетинин казак жана орус тилдери кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент – «Тилдик эмес адистиктердеги студенттерге орус тилин окутууда өнүктүрүүчү окутуу технологиясын пайдалануу» (Казакстан, Тараз).

Ли Дянь Дюнь, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдук Республикасындагы Педагогикалык университеттин доценти «Кыргызстандын ЖОЖдорунда кытай тилин окутуу программасынын маселелерин талкуулоо».

Ыбырайым Азимхан Оразбайулы, М.Ауэзов атындагы Оңтүштүк Казакстан мамлекеттик университетинин доценти, ф.и.к. “Казакстандагы тилдик саясат жана мамлекеттик тилдин укуктук-ченемдик базалары” (Казакстан, Шымкент).

Апаева София Хусейновна, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Кыргыз-Кытай факультетинин деканы, ф.и.к., доцент «Кыргыз Республикасындагы синологиянын абалы жөнүндө».

Турсунова Феруза Рахматжоновна, Тажик-Россия Славян университетинин доценти, ф.и.к. «Англис жана орус тилдериндеги карапачылык терминологиясына салыштырма талдоо» (Тажикстан, Душанбе).

Еликбаев Бауржан Кошкинбаевич, М.Ауэзов атындагы Оңтүштүк Казакстан мамлекеттик университетинин профессору, ф.и.д. – «ЖОЖдордо оптативдик кеп актыларын окутуунун психологиялык негиздери» (Казакстан, Шымкент).

Артыкбаева Гүлмира Эрматовна, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Тил мугалимдеринин чеберчилигин жогорулатуу боюнча инновациялык технологиялар борборунун жетекчиси – «ЖОЖдордо көп тилдүү билим берүүнү ишке ашыруу».

Аягында резолюция кабыл алуу менен конференция жыйынтыкталды.

 


  • Автор: admin
  • Создано: Май 23rd, 2019
  • Просмотрено: 1229