Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

Азыркы көп маданияттуу дүйнөдө тилдердин биримдиги жана тилдердин ар түрдүүлүгү


Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институту (ББЗИТИ)

Уюштуруу комитетинин дареги: Кыргыз Республикасы, 720019, Бишкек ш.

Махатма Ганди к.114 Байл.тел.: +996312359070

Эл.дареги: info@isito.kg

Маалым кат

Урматтуу кесиптештер!

         Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги,Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институту (ББЗИТИ)  менен бирге 2019-жылдын 22-майында тийиштүү сертификат (тастыктама) берүү менен “Азыркы  көп маданияттуу дүйнөдө тилдердин биримдиги жана тилдердин ар түрдүүлүгү” деп аталган эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция өткөрөт.

Конференциянын иш багыттары:

  • Азыркы көп маданияттуу дүйнөдө көп тилдүүлүктү өнүктүрүүнүн теориялык жана методологиялык көйгөйлөрү.
  • Тилдерди үйрөтүүнүн методикалык ыкмалары жана көйгөйлөрү.
  • Кыргыз, орус, англис, кытай тилдери: лингвистикалык жана методикалык аспект.
  • Тилди окутуудагы заманбап байланыш технологиялары.
  • Тилдерди окутуунун заманбап парадигмасы (үлгүсү).
  • Тилдин маданияттагы жана социумдагы өмүрү.

Конференцияга катышуу үчүн 2019-жылдын 1-майына чейин өтүнүч билдирүү жана баяндаманын текстин берүү зарыл.

Конференцияда иштей турган тилдер: кыргыз, орус жана англис тилдери.Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн өкүлдөрү үчүн конференция аралыктан (оозеки) өткөрүлөт.

Конференциянын материалдарын тариздөөгө техникалык талаптар:

  1. Каалаган: кыргыз, орус же англис тилдериндеги 7-10 бет көлөмдөгү макаланын тексти Winword редакторунда терилет. Тамгасы Times New Roman, негизги тексттин тамгасынын өлчөмү 12, макаланын аталышы жарым кара менен басылат, тамганын өлчөмү 14, саптардын аралыгы 1,5 беттердин номерлери – төмөн жагына ортосуна коюлат, бардык жагынан – 2см. талаа калтырылат. Жарыяланып жаткан иш автор (авторлор) тарабынан кылдат редакцияланат жана окулат;

2.Биринчи беттин жогору жагынын орто ченине темасы жарым кара чоң тамгалар менен жазылат. Төмөн жагына 2 интервал менен беттин орто ченинен оң жак четине төмөнкүлөр кыстыруу менен жазылат:

 

-автор(лор)дун фамилиясы, аты, атасынын аты толук көрсөтүлөт, (ошондой эле авторлоштор болсо толук көрсөтүлөт);

— окумуштуулук даражасы, наамы;

— кызматы;

— уюмдун толук аталышы;

— почта дареги, телефону, электрондук почтосунун дареги.

  1. Төмөн жагына 2 интервал менен баяндаманын аннотациясы, төмөн жагына аннотация 4 интервал менен баяндаманын тексти басылат. Тизмеси макаланын аягына келтирилет жана текстеги цитаталоонун тартибине ылайык номер коюлат. Автору (алгач фамилиясы, анан аты), аталышы, басылып чыккан жери жана жылы, бети көрсөтүлөт. Шилтемелердин катар номери чарчы кашанын ичине жазылууга тийиш (мисалы [1], [2]).

Макаланын соңку бети толук болгону жакшы.

  1. Көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген кол жазмалар жарыялоого кабыл алынбайт.
  2. Уюштуруу комитети макаланы конференцияга киргизүүгө чечим кабыл алуу укугун өзүнө калтырат.
  3. Уюштуруу комитети баяндамалардын текстерин конференция ачылган күнгө чейин чыгарууну пландаштырууда.
  4. Макалалардын электрондук түрү жогоруда көрсөтүлгөн электрондук дарекке жөнөтүлүүгө тийиш.

Бир автордун макалаларынын санына чектөө киргизилбейт. Конференциянын материалдарынын  жыйнагына ISBN (International Standart of Books Number), расмий белгиси коюлат, бул белги басылган материалдарды илимий жарыя катары таанууга мүмкүндүк берет.

Урматтуу кесиптештер!

Биз бул маалыматты конференцияга катышып жана материалдарын жарыялагысы келген адамдардын кеңири чөйрөсүнө жайылткандыгыңыздар үчүн ыраазылык билдиребиз.

Сиздерден биз өткөрүп  жаткан конференцияны алдын ала даярдоо жана ага катышуу боюнча тийиштүү чара көрүү үчүн Сиздердин ЖОЖдун жетекчисине жеткирүүнү өтүнөбүз.

Терең  урмат көрсөтүү жана мындан ары өз ара кызматташууга чакыруу менен Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жана  ББЗИТИнин уюштуруу комитети.

 


  • Автор: admin
  • Создано: Март 13th, 2019
  • Просмотрено: 1516
Alexa Seleno
@alexaseleno