Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

Бардык кесиптештеримди жана студенттерди Билим күнү менен куттуктайм! Иштеринде, окууларында зор жетишкендиктер, ийгиликтер мол болсун.


1-сентябрь

Бүгүн Билим күнү. Бардык билим берүү мекемелеринде салтанаттуу жыйындар ѳтүп, окуучулар менен мугалимдердин, студенттер менен окутуучулардын, шакирт менен устаттын кубанычтарында чек жок. Ѳзгѳчѳ мектеп босогосун жаңы аттагандардын жана мектеп уясынан жаңы эле учуп чыгып, жогорку, орто окуу жайдын астанасын аттаган биринчи курстун студенттеринин жүзүнѳн бир башкача керемет сезимдер байкалат. Албетте, билим алуу эч качан кеч эмес. Бирок, аны кайдан, кантип алабыз деген суроо ар бирибизди терең ойго салат. Азыркы ааламдашуунун, атаандаштыктын заманында биздин ИСИТОну тандап алганыңыздарга ѳтѳ кубанычтуумун. Учурда ИСИТО Кыргызстандагы Жогорку окуу жайлардын арасында кѳрүнүктүү орунду ээлеп келе жаткандыгы бардыгыныздарга белгилүү. Биздин институтта элибизге белгилүү академиктер, илимдин докторлору менен кандидаттары сабактарды беришет. Замандын суроо талабына ылайык адистиктер ачылып, элибиздин керегине жараган адистерди даярдоонун үстүндѳбүз. ИСИТО билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында  2017-2018-окуу жылына кѳптѳгѳн асыл макстаттарды алдына койду. Атап айтсак, жылдагыга салыштырмалуу ар кайсы тармак боюнча илимий даражасы жана наамы бар окутуучулардын саны жогорулады, аспирантура бѳлүмү таланты бар окутуучуларга жардамга келүүдѳ,  медициналык поликлиника ишке берилди,  аудиториялар заманбап аудио-видео жана компьютердик технологиялар менен жабдылып жатат. Кыска убакыттын ичинде ИСИТО мол илимий-методикалык тажрыйба топтой алды жана окутулуп жаткан сабактар боюнча окуу куралдары, илимий эмгектер, макалалар байма-бай жарык көрүп келет. Биз бардык күчүбүздү татыктуу билим берүүгѳ жана билим алууга жумшашыбыз керек. Студенттерди  ѳз алдынча ой жүгүртүүгѳ, чечим кабыл алууга жана жоопкерчиликтүү болууга тарбиялашыбыз абзел. Билимдүү, акылдуу балдарыбыз канчалык кѳп болсо, Кыргызстаныбыз ошончолук күчтүү жана бакубат болот. Бардык кесиптештеримди жана студенттерди Билим күнү менен куттуктайм! Иштеринде, окууларында зор жетишкендиктер, ийгиликтер мол болсун.

         Мамлекеттик тил  боюнча проректор                        Шаршенбаев А.К.

 


  • Автор: admin
  • Создано: Сентябрь 6th, 2017
  • Просмотрено: 1901
Alexa Seleno
@alexaseleno