Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

ББЗИТИнин бүгүнкү конок лекциясынын мейманы катары Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты, юридика илимдеринин кандидаты Алтыбаева Айнуру Тойчиевна болду.


ББЗИТИнин бүгүнкү конок лекциясынын мейманы катары Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты, юридика илимдеринин кандидаты Алтыбаева Айнуру Тойчиевна болду. 2017-жылы 22-январда институттун окутуучуларына жана студенттерине Алтыбаева Айнуру Тойчиевна “Кыргызстан парламентаризм жолунда” аттуу лекциясын сунуштады.

Автордун баяндамасында бүгүнкү күндө абдан маанилүү жана керектүү маселелердин бири болгон Кыргызстандын парламенттик-президенттик системасынын түптөлүш тарыхы, өзгөчөлүктөрү, анын көйгөйлөрү тууралуу сөз болду. Лекциянын алкагында А.Т.Алтыбаева белгилегендей, көптөгөн кыйынчылыктар коштосо дагы, Кыргызстан 2010-жылдан тарта парламенттик система менен өнүгүү жолун тандады. Анткени байыркы убактан бери эле кыргыздардын коомдук түзүлүшүндө элдик демократия менен парламентаризмдин белгилери болуп келген. Жалпы элдик курултайлар бийликтин түйүндүү чечимдерин кабыл алуучу жогорку институттарга айланган, демек мындай түзүлүш автордун айтымында биздин республика үчүн чоочун көрүнүш болбошу керек.

Белгилей кетчү нерсе, институтта байма-бай актуалдуу темаларда лекциялар окулуп келет, мындай иш-чаралар окуу жайдын студенттеринин кыргыз коомчулугунда болуп жаткан окуялардан артта калбашына көмөкчү болот.

img_0129

img_0132

img_4851


  • Автор: admin
  • Создано: Январь 25th, 2018
  • Просмотрено: 1502