Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институту менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия биргеликте 2018-жылдын 20- февралында Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлары арасында мамлекеттик тил боюнча студенттик олимпиада ѳткѳрѳт.


Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институту менен Кыргыз
Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
биргеликте 2018-жылдын 20- февралында Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлары
арасында мамлекеттик тил боюнча студенттик олимпиада ѳткѳрѳт. Олимпиада

“21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө” арналат. Олимпиадага Бишкек шаарынын

ЖОЖдорунда окуган 1-2- курстун бардык факультеттеринин (кыргыз тили жана
адабияты, журналистика адистигинде окуган студенттерден башкалары) студенттери
катыша алышат.
Олимпиаданын катышуучулары: а)сунуш кылынган темада дил баян жазышат;
Талабы: көлөмү 350 сөз, убактысы 100 мүнөт. Жазуу ишиндеги чеберчилиги, теманы ача
билүүсү, сабаттуулугу, тил байлыгы жана ой жүгүртүүсү бааланат. Студентке белгилүү
жанрда өз көз карашын чыгармачылык менен билдиргенине артыкчылык берилет.
б) алдын ала берилген тема боюнча долбоорду коргойт; 5 -7мүнөт. Студенттин сүйлөө
речинин тактыгы, илимийлүүлүгү, жеткиликтүүлүгү, долбоордун заманбап маселелерди
камтыгандыгы каралат.
Долбоорго сунушталуучу темалар:

1.Кылым карыткан кыргыз тилим.
2.Мамлекеттик тил: кечээ,бүгүн,эртен.
3.Адеп – тарбиянын башаты.
4.Кыргыз тили жана Ч.Айтматов.

в) көркөм окуу боюнча 5-7 мүнөт. Студенттин дикциясына, теманын мазмунун
көркөмдүү окуу менен жеткире аткаруусуна басым коюлат.
Эскертүү: Дил баян жазуу жана көркөм окууга 1 студент, долбоорду коргоого 1
студент катышат. Жалпысынан ар бир окуу жайдан экиден студент катыша
алат. Кѳркѳм окуу эркин темада студенттин ѳз тандоосу менен жүргүзүлѳт.
 Катышуучунун билимин баалоо баллдык негизде болот;
 Жогорку сандагы балл алышкан катышуучулар олимпиаданын
жеңүүчүлөрү катары аныкталат.

img_6907

Олимпиада ѳтүүчү жай –Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар
институту. Бишкек шаары, Махатма Ганди көчөсү – 114.
Катышуу катары каттоодон ѳтүү үчүн тѳмѳнкү маалыматтар талап кылынат:

Студенттин фамилиясы,аты;
Окуу жайы, факультети,адистиги, курсу;
Электрондук дареги, байланыш телефону;
Илимий жетекчисинин аты-жѳнү (окутуучусунун).
Убактысы: 2018-жыл, 20-февраль. Саат 9.00 -16.00. Каттоо 9.00-9.30 чейин.
Олимпиадага катышууга табыштаманы 12-февралга чейин
sharshenbaev76@mail.ru электрондук дарекке жолдосоңуздар болот же окуу жайдын
башкы корпусу, 2-кабат мамлекеттик тил боюнча проректорго 206-каб. Байланыш
телефондору 35-89- 56, 0707 22 99 11, 0771 37 60 62.

Уюштуруу комитети

21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата студенттер аралык олимпиада өткөрүлөт


  • Автор: admin
  • Создано: Январь 17th, 2018
  • Просмотрено: 1997