Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институту 2-сентябрь – Билим күнүн белгилешти


Урматтуу мугалимдер жана студенттер!

Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институту 2-сентябрь – Билим күнүн белгилешти. Концерттик программа менен коштолуп, мугалимдер куттуктоо сөзүн айтышты.

         Майрамдык кечени ректорубуз Борис Хамитович ачып берди жана төмөндөгү куттуктоо сөзүн айтты.

         Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун  атынан Сиздерди жаӊы окуу жылынын башталышы – Билим күнү менен чын дилимден куттуктаймын!
         Билимге жана илимге умтулуу — адам баласынын өзгөчө касиети, табигый муктаждыгы. 1-сентябрь – Билим күнү коомчулугубузда ушул умтулуунун нукура башаты катары белгиленип келет. Ушул күнү көптөгөн  1-курсунун студенттери биринчи ирет окуу жайдын босогосун атташат, чоӊ келечектин алгачкы кадамдары ташталат.
         Урматтуу мугалимдер жана студенттер! Баарыӊыздарды майрамыӊыздар менен дагы бир ирет куттуктаймын. Сиздерге чыӊ ден-соолук, окууӊуздарга жана ишиӊиздерге ийгиликтерди каалаймын.

ББЗИТИ нин ректору

э.и.д., профессор            Б.Х. Кубаев


  • Автор: admin
  • Создано: Сентябрь 5th, 2019
  • Просмотрено: 1974
Alexa Seleno
@alexaseleno