Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

Ч.Айтматов – XX кылымдын феномени


       2018-жылдын 28-ноябрында Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институту менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору биргеликте, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамына, “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасына”, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 2-апрелиндеги №81 “Ч.Айтматовдун  туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, залкар жазуучу Ч.Айтматовдун  90 жылдыгына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынганын 29 жылдыгына карата КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия

          “Эне тил жана Айтматов” – мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында Бишкек шаарындагы  жогорку окуу жайлары арасында Ч.Т.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Ч.Айтматов – XX кылымдын феномени” аттуу студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул иш-чарага Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттен, Кыргызстан эл аралык университетинен, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинен, И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан, Н.Исанов атындагы КМКТАУдан, КМЮАдан, ИСИТОдон жана КР ИИМ Академиясынан 40 ашуун студент өздөрүнүн илимий баяндамалары менен чыгышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун ректору, профессор Кубаев Б.Х.,  КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Ишекеев Н., КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Ибраимова Гүлнара Үмөтбековна жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, профессор Садык Алахандар кызыктуу баяндамалары менен чыгып сөз сүйлөштү.


  • Автор: admin
  • Создано: Ноябрь 29th, 2018
  • Просмотрено: 1961