Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

“Ч.Айтматов – XXкылымдын феномени” аттуу ЖОЖдор аралык студенттик илимий-практикалык конференция


Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору

Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институту

(ИСИТО)

МААЛЫМАТ КАТ

        Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институту менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору биргеликте, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жарыялаган мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында 2018-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарындагы  жогорку окуу жайлары арасында Ч.Т.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган ЖОЖдор аралык студенттик илимий-практикалык конференция ѳткѳрѳт. Конференцияга Бишкек шаарынын ЖОЖдорунда окуган 1-2-курстун бардык факультеттеринин (кыргыз  тили жана адабияты, журналистика адистигинде окуган студенттерден башкалары) студенттери катышаалышат. Келип түшкөн илимий макалалар Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун Илимий журналына акысыз басылып чыгарылат.

Уюштурууну жана өткөрүүнү координациялоо иштерин Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун  лингвистика кафедрасы жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору биргеликте аткарат.

Конференцияга  катышуу үчүн табыштамалар уюштуруу тобуна 2018-жылдын  23-ноябрына чейин жөнөтүлөт.Табыштама төмөндөгүдөй формада толтурулат: ЖОЖдун аталышы, катышуучу студенттин аты-жөнү, факультети, курсу, тобу жана даярдаган окутуучунун аты жөнү.

 1498453216_maxresdefault-6

Илимий баяндаманы даярдоо эрежеси:

1) Автордун аты, атасынын аты, окуган жери.

2) Макаланын аталышы, аннотациясы, ачкыч сөздөр.

3) Макаланын көлөмү 5-7 бет

4.Times New Roman шрифти менен, Кегель 12, интервалы -1 барактын чеги бардык тарабынан 2 см болушу шарт.

 

Биздин дарек: Бишкек шаары, Махатма Ганди көчөсү – 114. Башкы корпус, 204-каб. Байланыш телефону 0707 22 99 11.

Электрондук дарек: sharshenbaev76@mail.ru


  • Автор: admin
  • Создано: Ноябрь 14th, 2018
  • Просмотрено: 1770
Alexa Seleno
@alexaseleno