Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

Чыгармачыл студенттердин үйү.


Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институту студенттердин чыгармачылык үйүн ачылыш аземин өткөрдү.Ачылышта институттун ректору экономика илимдеринин доктору, профессор Б.Х. Кубаев куттуктоо сөзүн айтты. Андан кийин уюштуруу жана тарбия иштери боюнча проректор К.Б. Жаникулов таланттуу студенттерге каалоо тилектерин айтты. Азыркы учурда бул тармакты өнүктүрүү максатында атайын ийримдер, клубдар ачылып,  студенттердин кызыгуусу жана таланттары ташкындап жатканы бизди сүйүндүрөт. Чыгармачыл студенттердин үйү ачылып турганына абдан кубанычта, бир эле нота адам жүрөгүнүн туңгуюгундагы тынч сезимге дүрбөлөң салып кетиши мүмкүн. Анткени музыка дегенде жеген ашын таштап чуркаган студенттер үчүн кубанычтуу жаңылык. Ушундай эле таланттардын тапталып, чыгаан инсан болуп түптөлүшүнө чоң шарт түзөт. Баса белгилеп айтсак «Жаш-Кыял» адабий клубу көп жылдан бери жүздөгөн студенттерди тарбиялап, алардын ичинде акындар, манасчылар, комузчулар, актердук чеберчилик боюнча  билим алышууда. «Бир пайыз талант болсо, ага токсон тогуз пайыз эмгек керек» дегендей, билим алуу абдан зарыл.


  • Автор: admin
  • Создано: Апрель 15th, 2019
  • Просмотрено: 1812