Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

ИСИТОнун Токмок шаарындагы Чүй кесиптик колледжинде Бишкек шаарынан барган ИСИТОнун Медициналык колледжинин студенттеринин ортосунда тажрыйба алмаштыруу


ИСИТОнун Токмок шаарындагы Чүй кесиптик колледжинде Бишкек шаарынан барган ИСИТОнун Медициналык колледжинин студенттеринин ортосунда тажрыйба алмаштыруу максатында

“ 2018-жылдын бүтүрүүчүлөрүнүн мыкты Фармацевти” аттуу кечеси болуп өттү. Бул иш чаранын максаты студенттердин сапаттуу билим алгандыгын көрсөтүү болду. Программалык конкурста төр тур болуп жалпысынан төрт команда катышты. Алар Кыргызстандагы ар түрдүү чөптөрдүн дарылык касиеттерин,анын кантип жасалышын,кайсыл ооруга пайдалана тургандыгынын маанисин так көргөзүп беришти. Ошондой эле бул кече музыкалык концерт менен коштолду. Уюштурууга катышкан студенттердин ийгиликтерин жюри мүчөлөрү аныкташып,баалуу сыйлыктарды тапшырышты.

Ректораттын атынан кечеге катышкан Кыргыз тили боюнча проректор Шаршенбаев Акылбек Кадырбекович өтүп жаткан тажрыйба алмаштыруу кечелер окуу процессине жана тарбиялык жактан чоң жемишин берээрин баса белгилеп, Чүй кесиптик колледжинин алдыңкы студенттерине ардак грамота тапшырды.

img_8906

Чүй кесиптик колледжинин директору Олекова Нурила Токтобековна жана Медициналык колледжинин директору Аликулов Жаныбек Мамашарипович келечекте да мындай жаңы методдорду пайдаланып жолугушууларды өткөрүп тураарын билдиришти.

Аймактагы билим берүү башкармалыгынын башчысы Токтогазы Өмүргазиев өз кезегинде –“Талас, Токтогул жана Токмок шаарындагы колледждерге тажрыйба алмаштырууну жайылтуу боюнча медициналык кесипчиликтен бөлөк билим алып жаткан студенттерибизге да , практикалык сабактын негизинде сапатуу билим деңгээлин көтөрүү боюнча иш чара кабыл алып кетүүсүнө окуу жайыбыздагы жетекчилерди үндөйт элем” –дейт.

img_9120


  • Автор: admin
  • Создано: Декабрь 15th, 2017
  • Просмотрено: 2805
Alexa Seleno
@alexaseleno