Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

Медициналык колледждин 060101“Дарылоо иши” бөлүмүнүн 1-курсунун студентеринин ата-энелеринин чогулушу


Медициналык колледждин 060101“Дарылоо иши”  бөлүмүнүн

1-курсунун студентеринин  ата-энелеринин чогулушу

      2018 –жылдын  14-ноябрында администрациялык корпустун №102  конференциялык залында (саат 15.00 )  060101 “Дарылоо иши” бөлүмүнүн 1-курсунун  студенттеринин   ата-энелерине пландалган чогулуш өткөрүлдү.

      Чогулушту “Дарылоо иши”  бөлүмунүн башчысы Ж.Б.Бейшенбекова ачты. Өз сөзүндө ата-энелерге колледждин негизги багыттары, алдыга койгон жаңы окуу жылындагы пландары тууралуу кеңири маалымат берди. Мындан тышкары институттун  ичинде, медициналык колледжде  окуу процессинин жүрүзүлүүсү, билим берүүжана илим,саламатыкты сактоо министирликтери тарабынан  жүргүзүп жаткан реформалар боюнча маалымат берди. Негизинен медициналык колледжд 2017-2018-окуу жылынан баштап кредиттик  технологиялык окуу багытына өткөндүгүн белгилеп кетти.

      Колледждин ичинде өтүп жаткан тарбия иштери жана медициналык колледждин тартиби, ички талаптары тууралуу маалыматты медициналык колледждин 1-курсунун  жетекчиси С.Р.Гайбулдаева маалымдады.

      Чогулуштун аягыннда ата-энелерди медициналык колледждин лабораториялык окуу кабинеттерине жана  окуу симуляциалык борборуна  экскурсия жүргүзүү  аркылуу толгу менен тааныштырылды.

Текстти даярдаган: «Дарылоо иши» бөлүмүнүн башчысы Ж. Б. Бейшенбекова


  • Автор: admin
  • Создано: Ноябрь 16th, 2018
  • Просмотрено: 2211