билим берүүдѳгү заманбап информациялык технологиялар институту

Жакшылык жерде калбайт - Не уставайте делать добро

«МИСС ИСИТО-2019» кароо-сынагы


2019 жылдын 29-март күнү биздин институт «МИСС ИСИТО-2019» кароо-сынагын өткөрдү. Бул конкурстун максаты студенттерди маданияттуулука, коомго жана чыгармачылыкка үйрөтүү болуп эсептелинет.

Биздин студенттер, институттун ректору экономика илимдеринин доктору, профессор Борис Хамитович Кубаевге колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылыгын билдиришип, агайыбыздын иштеринде ийгилик болуп, институтубузду эң алдыңкы окуу жайлардын катарына кошулушуна кубанычтуу маанайлары менен каалоо тилектерин айтышты.

Биздин жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты.

  1. Болотбек кызы Керемет – медицина колледжинин мед.айым-иши бөлүмүнүн 3 курсунун студенти. «МИСС ИСИТО-2019» кароо сынагынын ГРАН принин жеңүүчүсү.
  2. Бакаева Бурулсун – медицина колледжинин дарылоо-иши бөлүмүнүн 1 курсунун студенти. «МИСС ИСИТО-2019» кароо сынагынын «1 Вице МИСС ИСИТО-2019» номинациясынын ээси.
  3. Эльчибек кызы Сабина – медицина колледжинин фармация бөлүмүнүн 1 курсунун студенти. «МИСС ИСИТО-2019» кароо сынагынын

«2 Вице МИСС ИСИТО-2019» номинациясынын ээси.

  1. Суйунбаева Гулдана – медицина колледжинин фармация бөлүмүнүн 1 курсунун студенти. «МИСС ИСИТО-2019» кароо сынагынын «МИСС ИНТЕРНЕТ ИСИТО-2019» номинациясынын ээси.

Биздин демөөрчүлөргө институттун атынан ыраазычылык билдиребиз.

— IDEAL BROWSS студиясынын негиздөөчүсү башкы директор Нурайым Курбанова

— NOORUZ etno улуттук кийимдеринин дизайнери Бекмурат кызы Ноорузбу

— VONAMA мода үйүнүн дизайнери Арзубек Аманов.

Биздин кароо-сынакты кыргыз эстрада ырчылары коштоду.

Уюштуруу жана тарбия иштери боюнча

проректор

К.Б. Жаникулов


  • Автор: admin
  • Создано: Апрель 4th, 2019
  • Просмотрено: 2511