Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтун Кесиптик колледжинин “Башталгыч класстарда окутуу” адистиктерине 2024-жылдын 19-мартында, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети И. Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту ага окутуучусу Өмүрова Алтынай Абдырахмановна тарабынан “Мугалимдин профессионалдык компетенттүүлүгү” деген темада конок лекция болуп өттү. Конок лекцияга 40тан ашык студент катышып,студенттерге атайын даярдалып келген слайд, видеолор көрсөтүлдү. Келечектеги мугалимдерди даярдоодо алардын профессионалдык компетенүүлүгүн калыптандырууда билим,билгичтик, көндүмгө ээ болушту жана алган билимдерин иш жүзүндө колдонушат деген терең ишеничтебиз. Лекция учурунда студенттер тарабынан суроолор берилип, жеткиликтүү жоопторго ээ болушту.
2024-жылдын 18-мартында Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун Токтогул филиалында «Нооруз» майрамына арналган саамалык болуп өттү.
2024-жылдын 15- мартында ББЗИТИнин жыйындар залында конок лекция болду. Маалыматтык технология, менеджмент жана укук кафедрасынын башчысы Бектурова А.Т. нын чакыруусу менен депозиттерди коргоо агенствонун окулу Анара Айтикеева келип, «Депозиттерди коргоо системасы» темасында айтып берди. Конок лекцияга Менеджмент багытындагы мугалимдер жана студенттер катышты.