Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

Санариптештирүү процессинин алкагында билим берүү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү


         Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 23-сентябрь – мамлекеттик тил күнүнө карата “Санариптештирүү процессинин алкагында билим берүү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү”  аттуу онлайн түрүндө эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция өткөрдү. Конференциянын жүрүшүндө маанилүү докладдар окулуп, кызыктуу талкуулар болду.

      Мындан сырткары, 2020-жылдын 24-сентябрында КР ИИМ Академиясы “Академияда мамлекеттик тилдин абалы” аттуу конференция өткөрдү. Окуу жайыбыздын мамлекеттик тил боюнча проректору “Көп тил билүү — ары актуалдуу жана популярдуу” деген темада баяндама жасады.

        Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чараларга ИСИТОнун окутуучулары менен студенттери активдүү катышышты


  • Автор: Sheraman Talantbekov
  • Создано: Сентябрь 25th, 2020
  • Просмотрено: 1461