Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

Сатыбалдиева Асель Курманбековна


 

   

0000000

 

 

         

         

          Ректораттын аткаруучу катчысы

Сатыбалдиева Асель Курманбековна

– тарых илимдеринин кандидаты, доценттин м.а.

 

 

 

 

 

 

 

       Сатыбалдиева А.К. 1990-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз тил жана адабияты факультетине тапшырып, аны 1995-жылы аяктаган.

    Эмгек тажрыйбасын 1995-жылы Бишкек шаарынын №65 мектебинде кыргыз тил мугалими катары баштаган. 1996-1997 жылдары №20-кесиптик лицейде сабак берип, 1999-жылдан 2006-жылга чейин Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясында эмгектенип келген.

    2007-жылдан тартып 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында ар кыл кызматтарды аркалап келген. Алгач «Социалдык-гуманитардык илимдер» кафедрасында методист, окутуучу, ага окутуучу, андан кийин «Мамлекеттик муниципалдык башкаруу» кафедрасында доценттин милдетин аткаруучу болуп эмгектенген.

    Сатыбалдиева А.К. окуу жайда «Маданиятаану», «Манастаану», «Ата мекен тарыхы», «Бийлик теориясы» ж.б. дисциплиналарынан сабак берип келген. «Манастаану», «Ата Мекен тарыхы» предметтеринен окуу-методикалык комплекстерин, силлабустарын иштеп чыккан. Профессионалдык квалификациясын жогорулатуу боюнча ар дайым окуу иш чараларына катышып турат. Мисалы, Борбордук Азиядагы Ханнс Зайдель Фонду тарабынан уюштурулган семинардын катышуучусу (сертификат, 2014-ж), И.Арабаев атындагы КМУ тарабынан өткөрүлгөн Манастаану боюнча семинардын катышуучусу (сертификат , 2012-ж) жана ошондой эле КР Президентине караштуу Башкаруу академиясы тарабынан уюштурулган бир канча тренинг, семинарлардын катышуучусу болуп, сертификаттарга ээ болгон.

    Илимий изилдөө иштерин 2009-жылы баштап, ошол жылы Улуттук илимдер академиясынын тарых жана маданий мурастар институтунун аспирантурасына тапшырып, диссертациясынын темасы жана жетекчиси бекитилген. 2016-жылы «Кыргыз улуттук жазуусунун өнүгүү тарыхы» аттуу темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактап, тарых илимдеринин кандидаты деген илимий даражасы ыйгарылган. 10дон ашуун илимий макалалардын автору, бир канча Эл аралык жана республикалык илимий-практикалык конференциялардын катышуучусу.

    Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу башкаруу академиясынын Ардак грамоталары, мактоо баракчалары менен сыйланган.

    Учурда ББЗИТИ (ИСИТО)нин ректоратынын аткаруучу катчысы болуп эмгектенет. Илимий иш-чараларын алып баруу, уюштуруу иштерине жооптуу.


  • Автор: admin
  • Создано: Январь 8th, 2014
  • Просмотрено: 41