Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

Сабаттуу жазуу – заманбап жашоонун талабы


          Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институту 2022-жылдын 28-февралында Эне тилдин эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарындагы ЖОЖдор аралык “Сабаттуу жазуу – заманбап жашоонун талабы” аттуу мамлекеттик тилде жат жазуу боюнча чемпионат уюштурду.

           Чемпионаттын максаты – студенттерди  мамлекеттик тилде сабаттуу жазууга үндөө, сабаттуу жазуу маданиятын өркүндөтүү жана ошондой эле мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатуу.

           Чемпионатка Бишкек шаарындагы 14 жогорку окуу жайдан, 28 студент катышты. Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институту(ИСИТО), И. Арабаев  атындагы КМУ жана К.Карасаев атындагы БМУнун студенттери  жат жазууну “Эң жакшы” деген баага жазышты.


  • Автор: admin
  • Создано: Март 1st, 2022
  • Просмотрено: 2079