Шаршенбаев Акылбек Кадырбекович
1976-жылы 23-январда Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында
төрөлгөн. Башталгыч классты Көк-Дөбө орто мектебинде, кийин
Ж.Абдрахманов атындагы Ананьево №2 орто мектебин 1993-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. 1993-1998- жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинде окуган.
1998-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тил илими институтунун кеп маданияты жана грамматика бөлүмүндө кенже илимий кызматкер, илимий кызматкер болуп иштеген. 2006-2010-жылдары И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын кыргыз жана орус тилдери кафедрасынын башчысы кызматын аркалаган. 2010-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын тышкы саясатты изилдөө борборунун директору, билингвистика жана тил котормолору борборунун директору, “Кыргыз тили” программасынын жетекчиси, андан кийин иш кагаздарын кыргыз тилине которуу секторунун
башчысы, Профсоюз уюмунун төрагасы болуп үзүрлүү эмгектенип келди.
Мамлекеттик жана чет тилдери кафедрасында кыргыз тилинин фонетика,
лексика, грамматика жана стилистика багыттары боюнча сабак берген.
2014-жылдын август айынан бери Билим берүүдөгү заманбап
маалыматтык технологиялар институтунун лингвистика кафедрасынын
башчысы, орто кесиптик билим берүү боюнча проректор, 2017-жылдын
январь айынан мамлекеттик тил боюнча проректор кызматын аркалап келет.
Филология илимдеринин кандидаты (2006), доценттин м.а. “Азыркы
кыргыз тилиндеги экзотикалык сөздөр” деген илимий эмгектин, 20 жакын
илимий жана публицистикалык макалалардын, методикалык окуу
куралдарынын, сөздүк, энциклопедиялардын кошмо авторлорунун бири.
“Манас” эпосундагы үрп-адат, каада-салттарды туюндуруучу тилдик
бирдиктердин лексика-семантикалык табияты (С.Орозбаковдун варианты
боюнча) деген темада докторлук диссертациянын үстүндө иштөөдө. Негизги
илимий изилдөө багыты – кыргыз тили, кыргыз тилинин лексикалык
түзүлүшү, лексикалык семантика жана стилистика маселелери.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин,
И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын,
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ыраазычылык
каттары, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясынын
Алкыш баракчасы, КР Улуттук илимдер академиясынын, КР ТИМдин
алдындагы К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын, КР
Профсоюздардын борбордук комитетинин, КР Президентине караштуу
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын, ИСИТОнун Ардак
грамоталары менен сыйланган жана КР Президентине караштуу
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили” төш
белгисинин жана КР ИИМнин юбилейлик медалынын, “Кыргыз тили”
коомунун “Ыйык тил” төш белгисинин ээси. Мындан сырткары, бир канча
жогорку окуу жайларынын адистикти жогорулатуу курстарынын
сертификаттарына ээ.
2011, 2012 жана 2015, 2016-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз
мамлекеттик университетинин Лингвистика институтунда, 2018, 2019-
жылдары К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин
кыргыз филологиясы факультетинде МАКтын (мамлекеттик аттестациялык
комиссия) төрагасы болгон.
Эки кандидаттык диссертацияга илимий жетекчи жана ондон ашык
кандидаттык диссертацияларга эксперт, расмий оппоненттик кылган.
Байланыш телефону: 0771 376062, 0707229911