Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү


        

       Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун студенттик шаарчасы менен «АВАНГАРД» кесиптик колледжинин студенттери мамлекеттик тилдин күнүнө карата ар кандай сынактарды уюштуруп, дубал газеталарды, лозунгдарды илип, концерттик программа даярдашты. Мындан туура 30 жыл мурун, тактап айтканда, 1989 жылы 23- сентябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алган. Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилиши эркин мамлекетти куруунун алгачкы кадамы, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө ташталган зор кадам болгон. Бул иш-чарага окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору Б.А.Мааткеримов, студенттик шаарчанын директору К.Б.Жаникулов жана профессордук-окутуучулар курамы катышышты
Студенттик шаарчанын директору
К.Б. Жаникулов

  • Автор: admin
  • Создано: Сентябрь 23rd, 2019
  • Просмотрено: 1414
Alexa Seleno
@alexaseleno