2020-жылдын 7-майында азыркы кырдаалга ылайык, онлайн режиминде, ZOOM платформасы аркылуу «Педагогика» кафедрасынын окутуучулары уюштурган «Аталардын эрдигин данктайбыз» деген темадагы тарбиялык саат өтүлдү. Тарбиялык саат «Биология», «Педагогика» ж.о.э орто кесиптик билим берүү колледжинин «Педагогика» багытындагы студенттердин катышуусу менен суроо-жооп иретинде болуп өттү.