Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт


2025-жылдын 5-декабрында  ББЗИТИ  окуу жайынын Лингвистика бөлүмү 4-декабрь күнүнө карата «Манас-бийик гуманизмге сугарылган эпос» аталыштагы адабий иш чара өтүлдү.WhatsApp Image 2025-12-08 at 09.14.43Иш  чара кыргыз, орус, англис  тилдеринде өтүлдү. Иш чаранын максаты: «Манас»  эпосу аркылуу  студенттердин  дүйнө таанымын кенейтүү жана  руханий жан дүйнөсүн байытуу. Ачылышында ББЗИТИнин жогорку окуу жайлар департаментин жетектеген Чынара Талаповна Алиева студенттердин аракетине жогорку баа берип, алардын кыргыз, англис, орус тилдеринде «Манас» айтуу үчүн даярданышканын, окутуучулардын аракетин белгиледи. Студенттерге студенттерге сертификаттарды тапшырды. Иш чарага жазуучу, драматург,  публицист, 80 китептин,13 драманын ээси Бактыбек Максүтов катышты жана китептерин тартуулады. Студенттер, окутуучулар Бактыбек агайдын нукура кыргыз тилин жогорку деңгээлде билээрине, «Манас» эпосунда камтылган нуска сөздүн ээси экендигине күбө болушту. Иш-чаранын  жыйынтыгын чыгарып жатып окуу жайдын мамлекеттик тил, тарбия иштери боюнча проректору А.Б.Мекешова институтта «Манас» күнүнө байланыштуу көптөгөн иш-чаралар уюштурулуп, бардык бөлүмдөрдү, студенттерди камтыганын белгилеп, Б.Максүтов агайга ыраазычылык билдирип, сыйлыоо баракчасын тапшырды. Эң соңунда чыгып сүйлөгөн окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Э.Ж.Каниметовдун «Манас» феномени, азыркы замандагы, адамзат коомунда кескин өзгөрүп жаткан коомдук-руханий жашоодогу шарттардагы анын мааниси тууралуу сөзү зор кызыгуу, кубатоо менен кабыл алынды.

WhatsApp Image 2025-12-08 at 09.14.43 (3)WhatsApp Image 2025-12-08 at 09.14.43 (2)WhatsApp Image 2025-12-08 at 09.14.43 (1)


  • Автор: admin
  • Создано: Декабрь 8th, 2025
  • Просмотрено: 8
Alexa Seleno
@alexaseleno