2025-жылдын 22-октябрында Билим берүүдөгү заманбап технологияларды колдонуу институтунда Кыргыз-Германдык колдонмо информатика институтунун (КГКИИ) өкүлдөрү КГКИИнин ректору Тологонова Аида Мырзакановна жана окуу-илимий иштер боюнча проректору Джалбиев Эмирбек Автандилович менен жолугушуу болуп өттү. Коллегалар менен жолугушууну ИСИТОнун илим жана сырткы байланыштар боюнча проректору Эмиль Жангорозович Каниметов өткөрүп, ал конокторду куттуктап, кызматташуу жолдорун изилдөөгө багытталган күн тартибин тааныштырды. ИСИТО алдынкы маалыматтык технологиялар менен иштегенге багытталган окуу жай болгондуктан, мындай кызматташуу институт үчүн абдан зор мааниге ээ болоорун белгиледи.
КГКИИнин ректору Аида Мырзакановна жана проректору Эмирбек Автандилович институттун иш-аракети жөнүндө кеңири баяндап, КГИПИнин компьютердик илимдерге адистешкен Кыргызстандагы жалгыз жогорку окуу жайы экендигин белгилешти. Алар республикада IT-билим берүүнүн чек араларын кеңейтүү институттун стратегиял ык максаты экендигин басымдады. КГИПИнин билим берүү программалары Германиянын Цвиккау шаарындагы Батыш Саксония жогорку мектеби (WHZ) менен биргелешип иштелип чыккандыгына кызыгуу жаратты. Мындай кызматташуунун натыйжасында институттун бүтүрүүчүлөрү Кыргызстанда тез эле жумуш орун таап жатканы жана абдан жогорку айлык алышаары аныкталды. Институттун мыкты окуучулары германиялык жогорку окуу жайларында билималууну уланта алышат. КГКИИ мындай арымдуу, ийгиликтүү иштери ИСИТОдогу кызматкерлер тарабынан колдоого жана кубатоого ээ болду.
Жолугушуунун расмий бөлүгүндө жогорку жана орто билим берүү башкармалыгынын директору Чынара Капаловна Алиева, окуу бөлүмүнүн башчысы Зарина Садвакасовна Низалиева жана абшка кесиптештер иш боюнча пикирлери, сунуштарды айтып, өз көз караштары менен бөлүшүштү.
ИСИТОнун проректору Э.Ж. Каниметов жана коллегалары тарабынан айтылган сунуштар, пикирлер коноктор тарабынан колдоо менен кабыл алынып, кызматташууга жолача
турган меморандумду кабыл алуу боюнча макулдашылды.
Расмий сүйлөшүүлөрдөн кийин медицина колледжинин, кесиптик колледждин жана жогорку билим берүү багыттарынын окутуучулары менен студенттери катышкан ачык жолугушуу болду. Ар тараптан кызыгуу жараткан баарлашуу атмосферасында урматтуу коноктор Аида Мырзакановна жана Эмирбек Автандилович өздөрүнүн окуу жайы тууралуу маалымат беришип, каалоолорун айтышып, студенттердин суроолоруна жооп беришип, пикир алышышты.