Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

Ачык сабакка Маалымат


Маалымат

Бүгүн Бишкек шаарындагы  Билим берүүдөгү Заманбап Маалыматтык Технологиялар Институтунун (ISITO) Педагогика жана Лингвистика программасынын жана колледждин «Башталгыч билим берүү» бөлүмүнүн студенттерине И.Арабаев атындагы КМУнун психология факультетинин ага окутуучусу Абдыкеримова Дарыгүл Бакыевна «Заманбап мугалимдин психологиялык портрети» аттуу ачык сабак өткөрдү.

Ч.Айтматовдун “ Биринчи мугалим” чыгармасынын негизинде уюштурулган «Заманбап мугалимдин психологиялык портрети» аттуу ачык сабактын максаты — болочок мугалимдердин кесиптик аң-сезимин өнүктүрүү, заман талабына жооп берген мугалимдин психологиялык өзгөчөлүктөрүн талдоо жана жеке педагогикалык позициясын калыптандыруу болду.WhatsApp Image 2026-03-04 at 22.31.07

Сабак аралаш форматта (лекция, практика жана дискуссия) уюштурулуп, интерактивдүү ыкмалар кеңири колдонулду. Киришүү бөлүгүндө студенттер «Кечээки Дүйшөн агай жана Бүгүнкү Дүйшөн агай» темасында мээ чабуул өткөрүп, XX жана XXI кылымдагы мугалимдин психологиялык айырмачылыктарын салыштырышты. Алар заманбап Дүйшөн агайдын образын блогер, IT-адис, SMM-менеджер катары элестетип, анын бүгүнкү билим берүү мейкиндигиндеги ролун чыгармачылык менен ачып беришти.Снимок

Теориялык бөлүктө заманбап мугалимге коюлуучу талаптар талданып, 4К модели — критикалык ой жүгүртүү, креативдүүлүк, коммуникация жана кооперация принциптери кеңири түшүндүрүлдү. Ошондой эле мугалимдин фасилитатор, тьютор жана насаатчы катары ролу белгиленди.

Практикалык «Психологиялык дөңгөлөк» ишинде студенттер төрт топко бөлүнүп, 4К моделинин ар бир компоненти боюнча кластер түзүп, өз ишин коргошту. Интерактивдүү «Кейс-стади» оюнунда мугалимдин кыйын кырдаалдардагы жүрүм-туруму талданып, биргелешкен чечимдер сунушталды.WhatsApp Image 2026-03-04 at 22.31.06

Сабак экспресс-тест жана рефлексия менен жыйынтыкталды. «Ачык микрофон» жана «Баалоо дарагы» ыкмалары аркылуу студенттер өз пикирлерин билдиришти.

Иш-чаранын соңунда ачык сабакка активдүү катышкан студентерге  сертификаттар берилди. Ошондой эле ачык сабак «Заманбап мугалим — бул булуттагы робот эмес. Бул — жанып турган чырак. Ал ар дайым изденүүдө», — деген жыйынтыкка келип, студенттерди үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүгө чакырды.

Ачык сабак болочок мугалимдердин чыгармачылык потенциалын ойготуп, алардын кесиптик багытын бекемдөөгө өбөлгө түздү.

                                                 Дарыгүл Абдыкеримова   Снимок

WhatsApp Image 2026-03-04 at 22.31.07 (1)


  • Автор: admin
  • Создано: Март 5th, 2026
  • Просмотрено: 13
Alexa Seleno
@alexaseleno