Институтта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата Цукуба университетинин (Япония) профессору Ито Хироноринин конок лекциясы болуп өттү.
Профессор Ито сенсей ИСИТОнун илим жана тышкы байланыштар боюнча проректору Э.Ж.Каниметовдун чакыруусу менен келип, кыргыз тилин үйрөнүү боюнча өз тажрыйбасын бөлүшүп, Япониядагы тил жана маданий салттарга байланышкан иш-чаралар тууралуу айтып берди. Ошондой эле Япониядагы социалдык жана мамлекеттик институттарды модернизациялоонун кыргыз тарап үчүн актуалдуу өзгөчөлүктөрүнө токтолду.
Иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун японтаануу факультетинин студенттери — Нурбекова Баян-Сулуу, Эмилбекова Динара жана башкалар катышып, Япония шаарларында өткөн тажрыйба алмашуу жана стажировкалары тууралуу айтып беришти. Лекция жана японтаанучу студенттердин катышуусу ИСИТОнун студенттеринде чоң кызыгууну жаратты.