2019-жылдын 20-февралында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде эл аралык “Эне тил” күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия «Мамлекеттик тил санариптештирүү доорунда» аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция өткөрдү.
Илимий-тажрыйбалык конференцияга Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун профессордук-окутуучулар курамы менен педагогика адистигинин студенттери катышып келишти.
Бул иш-чарага КР Президентинин Аппаратынын, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын, КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана жалпы эле жарандык коомдун, интеллигенциянын өкүлдөрү катышты.