Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

Лингвистика кафедрасы


zavkafedra

Кафедраны ф.и.к., доценттин м.а. Шаршенбаев Акылбек Кадырбекович жетектейт.

     Түзүлгөн жылы: 2011-жылыбилим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун (ИСИТО) окумуштуулар кеңешинин чечими менен лингвистика жана социалдык дисциплиналар кафедрасы болуп түптөлгөн. Буга чейин ар кайсы кафедранын курамында болуп келген. 2015-2016-окуу жылынан баштап лингвистика кафедрасы болуп кайра түзүлгөн.

    Кафедрада окутулуп жаткан сабактар: кыргыз, орус, англис, латын тилдери, педагогика жана манас таануу өңдүү сабактар окутулатжана алардын өтүлүшүнө, сапатына жооп берет.

Кафедранын курамы: Учурда кафедрада 10 окутуучу эмгектенишет. Анын ичинен 2 илимдин кандидаты, 3 ага окутуучу6 окутуучу бар.

Кафедранын максаты:билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун студенттерине татыктуу билим берүү жана кафедрадагы илимий-методикалык базаны чыңдоо.

Кафедранын милдети:

  • окутуучулардын кесибин жогорулатууну уюштуруу;
  • жумушчу программаларын түзүү, илимий-методикалык эмгектерди жазуу;
  • ачык сабактарды өткөрүү, өз ара сабактарга катышуу;
  • илимий-практикалык конференцияларда доклад жасоо, илимий иштер менен иштөө;
  • жаңы методикалык ыкмаларды колдонуу, жайылтуу;
  • студенттерди илимий изилдөө иштерине тартуу;
  • студенттерге татыктуу билим берүү;
  • окуу жайдын коомдук иштерине активдүү катышуу.

         Лингвистика кафедрасы – Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун (ИСИТО) бир тармагы болуп саналат.          Кыска убакыттын ичинде кафедра мол илимий-методикалык тажрыйба топтой алды жана окутулуп жаткан сабактар боюнча окуу куралдары, илимий эмгектер, макалалар байма-бай жарык көрүп келет. Булардын ичинен учурда кызуу иштелип жаткан эки докторлук, бир кандидаттык диссертацияны баса көрсөтүүгө болот. Демек, бул эң ириде кафедранын сапаттык, студенттердин билим деңгээлинин жогорулашын камсыздайт. Мындан сырткары, ректорубуз Борис Хамитович Кубаевдин түздөн-түз демилгеси менен, кафедрадагы окуу процессин жакшыртуу үчүн, өзүнө тиешелүү аудиторияларды заманбап аудио-видео жана компьютердик технологиялар менен жабдылганы жатат.

         Жыл сайын кафедранын профессордук-окутуучулук курамы 

Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүп турган инновациялык ыкмалар боюнча уюштурулган тренинг, семинарларга активдүү катышып турат жана квалификациясын жогорулатуу үчүн окууларга барышат.

Лингвистика кафедрасынын сырткы байланыштары:

  • КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия;
  • КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту;
  • И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Лингвистика институту;
  • Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз филологиясы факультети;
  • М.Х.Дулати  атындагы ТарМУ (Казахстан);
  • К.Тыныстановатындагы ЫМУ.

Кафедранын профессордук-окутуучулар курамы

  1. Шаршенбаев А.К. – кафедра башчы, ф.и.к., доценттин м.а.
  2. Байгазиев М.К. – ф.и.к., доценттин м.а.
  3. Ункулова З.А. – ага окутуучу
  4. Мырзакматова Ж.Ж. – ага окутуучу
  5. Шейшенбекова А.А.-ага окутуучу, эл агартуунун отличниги
  6. Байгесекова И.А. – окутуучу
  7. Чалова М. – окутуучу
  8. Табалдиева С.-окутуучу
  9. Лушникова О.А.- окутуучу
  10. Саякова А.К.-окутуучу
  11. Омурова А.-окутуучу
  12. Арзымат к. Элнура – кафедранын менеджери

2020-жылдын 28-январында ББЗИТИнин «Педагогика» жана «Лингвистика» кафедраларынын профессордук


  • Автор: admin
  • Создано: Декабрь 23rd, 2016
  • Просмотрено: 7275