билим берүүдѳгү заманбап информациялык технологиялар институту

Жакшылык жерде калбайт - Не уставайте делать добро

0.12.2024 ИСИТОнун Жогорку кесиптик факультетинин жалпы жамаатынын жетекчилиги астында уюштурулган «Улутум кыргыз,урааным Манас,сыймыгым Чынгыз» аталыштагы иш чарага «Манас» жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясынын президенти Азиз Биймырза уулу ардактуу конок болуп чакырылды.


Иш чара Кыргыз Республикасынын гимни менен башталды.Азиз Биймырза улуу элдин тарыхый баалуулугу болгон Манас айтуу менен баштады.Студенттер суроо беришип,кенен маалымат алышты.Окуу жайдын ректору Фатима Борисовна Азиз Биймырза уулуна ден соолук,иштерине ийгилик каалап,жалпы администрация,студенттердин атынан «Ыраазычылык кат» тапшырып,дайыма кызматташта болуп туруусун айтты.Студенттердин атынан даярдалган көркөм окуу болду.Иш чаранын максаты: кылым карыткан кыргыздын рухий дүйнөсүн,тарыхый баалуулугу болгон Манас айтууну кийинки жаш муундарга калтыруу,кылымдын инсандарынын изин улоо..Студенттерге талыкпай билим алуу керектигин айтып,жалпы жамаатка ыраазычылык билдирди.Бугунку конок лекция жогорку денгээлде өттү.

WhatsApp Image 2024-12-23 at 15.17.40


  • Автор: admin
  • Создано: Декабрь 23rd, 2024
  • Просмотрено: 17
Alexa Seleno
@alexaseleno