Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

СТУДЕНТТЕР КЫРГЫЗ ФОНДУЛУК БИРЖАСЫНДА ЭКСКУРСИЯДА


Маалыматтык технологиялар, менеджмент жана укук кафедрасы баалуу кагаздар рыногу жана финансы институттары дисциплинасынын алкагында  (окутуучусу, кафедранын доценти, э.и.к. Садыкова Асель Рысбековна) ФМ-20-01 тайпасынын студенттерине Кыргыз Республикасынын Кыргыз фондулук биржасына экскурсия уюштурду.

Студенттер КФБнын башкаруу түзүмү, милдеттери жана функциялары менен таанышты. Жыйындар залында адис Умай Султанбек кызы «Инвестицияларды тартуу платформасы» деген темада жогорку профессионалдык деңгээлде презентация жасады.

Студенттер кызыктуу маалымат алгандарына ыраазы болуп, кызыккан суроолоруна ар тараптуу жоопторду алышты. Мындай экскурсиялар студенттердин алган теориялык билимин практикага менен айкалыштырууга  жардам берет.


  • Автор: admin
  • Создано: Ноябрь 22nd, 2022
  • Просмотрено: 358
Alexa Seleno
@alexaseleno