Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

2018-жылдын 27-февралында Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар Институтунун чоң залында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, Эл агартуунун отличниги, педагогика илимдеринин доктору Ж.А.Чымановдун лекциясы болуп өттү.


   2018-жылдын 27-февралында Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар Институтунун чоң залында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, Эл агартуунун отличниги, педагогика илимдеринин доктору Ж.А.Чымановдун лекциясы болуп өттү. Ж.А.Чыманов өз лекциясында бүгүнкү күндө актуалдуу темалардан болгон билим берүүнүн сапатын жакшыртуу жана анын ичинде сабак өтүүнүн жаңы ыкмалары тууралуу айтып берди. Лекцияга жогорку кесиптик билим берүү факультетинин жана “Авангард” кесиптик колледжинин окутуучулары, студенттери катышышты.

   Профессор Ж.А.Чыманов лекцияны студенттер менен суроо-жооп, талкуу, дебат формасында алып барып, угуучуларга кызыгуу жаратты. Мындай иш чаралардын болуп турушу Институттун илим, билим сапатын жогорулатууда мааниси абдан чоң.

IMG_2545

Изображение 1 из 3


  • Автор: admin
  • Создано: Март 27th, 2018
  • Просмотрено: 3465