Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

3-ДЕКАБРЬ — ЭЛ АРАЛЫК МАЙЫПТАР КҮНҮ


       Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун студенттери мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн Шаардык реабилитациялык “Оберег” мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана өспүрүмдөрдү калыбына келтирүү борборуна барышты. Таттуу белектерди жана суусундук, ун, кум шекер тапшырышты. Балдар келген конокторго ыраазычылык билдирип, студенттер менен ойношту. Андан соӊ Чүй облусунун Москва районундагы Беловодское айылында жайгашкан майыптар үйүнө таттуу белектерди жана суусундук, ун, кум шекер, жашылча жемиштерди тапшырышты.

        Эл аралык майыптар күнү, 1992-жылдын 14-октябрындагы Башкы Ассамблеясынын 47/3 резолюциясына ылайык, бүткүл дүйнө боюнча                        3-декабрь күнү белгиленет. Майрам, биринчи ирет, майыптардын көйгөйлөрүнө элдин көңүлүн бурууга багытталган.

 

 

Студенттик шаарчанын директору              

Жаникулов К.Б.

 


  • Автор: admin
  • Создано: Декабрь 5th, 2019
  • Просмотрено: 3022