Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

“Эне тил жана Айтматов” – мамлекеттик тилдин үч айлыгын жыйынтыктоо салтанаттуу иш-чарасы


“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамына, “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасына”, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 2-апрелиндеги №81 “Ч.Айтматовдун  туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, залкар жазуучу Ч.Айтматовдун  90 жылдыгына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынганынын  29 жылдыгына карата КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Эне тил жана Айтматов” – мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялаган. 2018-жылдын  20-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Маданий борборунда аталган үч айлыкты жыйынтыктоо иретинде КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия салтанаттуу иш-чара өткөрдү.

Буга КР Президентинин кеңешчиси Султан Раев жана Аппараттын өкүлдөрү, КР Өкмөтүнүн Апппаратынын өкүлдөрү, жазуучунун жакындары конок катары катышты. Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, интеллигенция өкүлдөрү, ЖМК өкүлдөрү чакырылды.  Иш-чаранын алкагында сүрөт көргөзмөсү жана Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр аткарылды. Үч айлыктын алкагында жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылып, концерттик программа менен коштолду.


  • Автор: admin
  • Создано: Декабрь 21st, 2018
  • Просмотрено: 1421