Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

Ата – Бейит


2024- жылдын 29-апрелинде  ББЗИТИ Кесиптик колледжинин  кыргыз тили жана адабият сабагынын ага окуутучулары Акматкеримова Г, Искакова М.   ПНК-23-01, БД-23-02 тайпаларынын студенттери менен «Ата – Бейит»тарыхый мемориалдык комплексине иш сапары менен барып, тарбиялык саат өтүштү.

«Ата- Бейитте» жайгашкан тарых баасын берген урунттуу окуяларды чагылдырган ар бир комплекске:  1916 – жылдагы «Үркүн»  окуясы, 1937 – жылдагы репрессиянын курмандыктары болгон кыргыз интеллигенциясы, дүйнөнү калеми менен багындырган, дүйнөлүк классик-Ч.Айтматов, 7-апрель элдик революциясында шейит кеткен баатырлар жөнүндө окутуучулар студенттерге  түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, куран түшүрүлдү жана  гүл чамбарлар коюлду.

             «Ак ийилет, бирок сынбайт» — деп Ч.Айтматов айткандай кыргыз элинин жаркын жашоосуна өмүрүн арнаган эл баатырлары,  сиздердин элесинер азыркы муундун жүрөгүндө түбөлүккө сакталат!

 «Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт»!

 Сиздерге тереӊ таазим!


  • Автор: admin
  • Создано: Апрель 29th, 2024
  • Просмотрено: 74
Alexa Seleno
@alexaseleno