26-апрелде ББЗИТИнин студенттери «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып келди.
Анда гуманитардык жана тил дисциплиналары кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты Темирбаев Бердигул студенттерге “Улуттук боштондук көтөрүлүш”, “Репрессиянын курмандыктары” жана 2010-жылдагы элдик революция тууралуу илимий баяндама жасап берди. Окулган дарстын тарыхый мааниси терең, тарбиялык мааниси күчтүү, мекенчил сезимди козгоп турат.