Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

ИСИТО окуу жайынын окутуучулары студенттер менен биргеликте Чүй облусунда «Ачык эшиктер күнү» иш-чарасын уюштуруп, жогорку деңгээлде өткөрүп жатышат


ИСИТО окуу жайынын окутуучулары студенттер менен биргеликте Чүй облусунда «Ачык эшиктер күнү» иш-чарасын уюштуруп, жогорку деңгээлде өткөрүп жатышат. Иш-чаранын негизги максаты – мектеп бүтүрүүчүлөрүнө окуу жай тууралуу кеңири маалымат берүү, кесиптик багыт берүү жана келечектеги студенттерди тартуу болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө окутуучулар окуу жайда окутулган адистиктер, билим берүү программалары, кабыл алуу шарттары жана студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат беришти. Студенттер өз кезегинде окуу процессинен, жетишкендиктеринен жана студенттик жашоодон мисалдар менен бөлүшүп, келген конокторго кызыктуу презентациялар менен коштолгон маалыматтарды сунушташты.
Мындан тышкары, ар түрдүү багыттагы көргөзмөлөр, практикалык мастер-класстар жана тааныштыруу иш-чаралары уюштурулуп, катышуучуларга окуу жайдын материалдык-техникалык базасы жана билим берүүнүн сапаты тууралуу толук түшүнүк берилди.
Бул иш-чара окуучулар үчүн келечектеги кесибин туура тандоого чоң жардам берип, ИСИТО окуу жайынын билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңири жайылтууга өбөлгө түздү. Иш-чара жогорку уюшкандыкта өтүп, катышуучулар тарабынан жогору бааланды.WhatsApp Image 2026-04-07 at 15.20.43 WhatsApp Image 2026-04-07 at 15.20.42 (2) WhatsApp Image 2026-04-07 at 15.20.42 WhatsApp Image 2026-04-07 at 15.20.42 (1)

 

 


  • Автор: admin
  • Создано: Апрель 8th, 2026
  • Просмотрено: 325
Alexa Seleno
@alexaseleno