Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

Акбар Рыскулов менен чыгармачыл жолугушуу кечеси


Билим берүүдѳгү заманбап информациялык технологиялар институтунда (ИСИТО) Адеп, ыйман жана маданият жылына карата Кыргызстан жазуучулар союзунун тѳрагасы Акбар Рыскулов менен чыгармачыл жолугушуу кечеси өткөрүлдү.

Аталган окуу жайдын мамлекеттик тил боюнча проректору Акылбек Шаршенбаев маалымдагандай, бул кечеге институттун профессордук-окутуучулар курамы менен студенттер катышышты. Кечени окуу жайдын ректору Кубаев Борис Хамитович ачып, акын А.Рыскуловдун коомдук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнѳ, чыгармачыл жолуна кыскача токтолуп ѳттү. Институттун “Жаш кыял” адабий клубунун студенттери тарабынан акындын ырлары окулуп, суроо-жооп иретинде кызыктуу аңгеме курулду. Белгилүү обончу, аткаруучу Анарбек Сардарбеков Акбар агайдын “Кар вальсы”, “Канышай”, “Насыйкат”, “Кошуна кыз”, “110 маршрут” ж.б обондуу ырларын жандуу үн менен гитаранын коштоосунда аткарып турду. Жолугушуунун жүрүшүндѳ Акбар Рыскулов студенттерге адеп, ыйман, тарбия туураалуу акыл-насаатын айтып, маанилүү маек куруп берди. Адабий чыгармачылыкка кызыккан студенттерге Акбар Рыскулов “Үмүт-күдүк” аттуу жаңы жарык кѳргѳн чыгармасын белекке берип жана окуу жайдын китепкана фондусуна китебин тартуулады.

img_3445

img_3464

img_3486

img_3428


  • Автор: admin
  • Создано: Апрель 18th, 2017
  • Просмотрено: 2731
Alexa Seleno
@alexaseleno