Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

“Акыл-Ордо-Эрудит” викторина таймашы


     Бүгүн, 2018-жылдын 25-апрелинде Билим берүүдөгү Заманбап Информациялык Технологиялар Институтунун кесиптик колледжинин мугалимдер менен студенттер жамааты тарабынан окуу билимин текшерүү максатында “Акыл-Ордо-Эрудит” викторина таймашы болуп өттү. Бул кеченин максаты – окуу жылынын аякташына байланыштуу 1-курстун студенттеринин отчету болду.

     Институттун биринчи проректору, юридика илимдеринин доктору, профессор Саякова М.К.: “Ар кылымдарда адамдын жакшы жаман сапатын анын акылы, билими жана жогору аң сезими жагынан баалап келишкен. Андыктан бүгүнкү интеллектуалдык оюнда студенттердин билимин, эрудициясын көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындай акыл таймаштары ар дайым биздин институтта орун алып турсун”, – деп белгилей кетти.

     Интеллектуалдык иш-чараны уюштурууда “Авангард” кесиптик колледжинин окутуучулары Билим берүүнүн отличниги Берикбаева Алмаш Жавдатовна, ага окутуучу Осмонбекова Айжан Болотбековна, ага окутуучу Искакова Махабат Эгизбековна активдүү иш алып барышты.


  • Автор: admin
  • Создано: Апрель 25th, 2018
  • Просмотрено: 3828
Alexa Seleno
@alexaseleno