Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

ББЗИТИНИН БАТКЕН ФИЛИАЛЫНДА АЯЛЗАТЫНА АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТТҮ


ББЗИТИнин Баткен филиалында «Аялзаттын бактысы» аттуу  иш-чара болуп өттү.

Ага КР эмгек сиңирген медицина айымы,    жугуштуу оорулар боюнча жогорку категориядагы дарыгер — Жороева Каныгул Саматовна, Баткен областтык мусулмандар казыятынын аялдар менен иштөө адиси — Дуйшеева Уулкан Азизбаевна катышты. Студенттер менен биргеликте «Аял канткенде бактылуу болот?»,  «Коомдун күзгүсү — аял» , «Дени сак эне — дени сак улут» деген  темаларда баарлашып, студенттердин кызыккан суроолоруна жооп беришти.

Мындай иш-чаралар мындан кийин да дайыма өтүп тураарын филиалдын жетекчиси Каныбек Байышбекович билдирди.


  • Автор: admin
  • Создано: Апрель 28th, 2023
  • Просмотрено: 614
Alexa Seleno
@alexaseleno