Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунда (ИСИТО) 2018-жылдын 20-февралында Эл аралык эне тил күнүнө арналган ЖОЖдор арасында мамлекеттик тил боюнча студенттик олимпиада болуп өттү.


   Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунда (ИСИТО) 2018-жылдын 20-февралында Эл аралык эне тил күнүнө арналган ЖОЖдор арасында мамлекеттик тил боюнча студенттик олимпиада болуп өттү.Уюштурууну жана өткөрүүнү координациялоо иштерин ББЗИТИнин Мамлекеттик тил боюнча проректору, филология илимдеринин кандидаты А.К.Шаршенбаев алып барды.

  Олимпиаданын ачылыш аземинде КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Ишекеев Н., Ж.Баласагын атындагы КУУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, профессор Тиллебаев С.А. жана Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, акын А.Рыскулов сөз сүйлөштү.

   Олимпиадага Бишкек шаарынын ЖОЖдорунда окуган 1-2- курстун бардык факультеттеринин (кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинен башкасы) студенттери катыша алышты.

   Калыстар тобунун төрагасы акын Акбар Рыскулов дайындалган, ал эми калыстар тобунун мүчөлөрү болуп мамлекеттик ар кыл кызматтарда иштеген кызматкерлер түзүштү, алар: Коңурбаева Р.Э. – КР Улуттук илимдер академиясынын Ч.Т.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун ага илимий кызматкери, ф.и.к., Сапарбаева З.К. – Биринчи май райондук администрациясынын тил боюнча жетектөөчү адиси, Толукбаева С.К. — КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын билим берүү бөлүмүнүн адиси. Бекитилген жобо боюнча калыстар тобу тарабынан сынак баллдык системада баалангандыгы белгилүү.

Олимпиада II этап менен өтүп, жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:

Мыкты дил баян жана эң жакшы көркөм окуу” номинациясы боюнча төмөндөгүлөр аныкталган:

   1 орун — Жумабекова Арууке (Кыргыз –Түрк “Манас” университети)

   2 орун — Ырысова Наргиза (Билим берүүдөгу заманбап информациялык технологиялар университети)

   3 орун — Ыкынова Гүлстан (И.К.Ахунбаев атындагы КММА)

Мыкты долбоор” номинациясы боюнча төмөндөгүлөр аныкталган:

          1 орун –Иманалиев Марсел (Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик транспорт жана архитектура университети)

           2 орун — Анарбек кызы Перизат (И.К. Ахунбаев атындагы КММА)

           3 орун — Маатказиев Марлен, Жээналиев Элдияр (Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы)

Кызыктыруучу сыйлыктар боюнча:

      Бактыбек уулу Азим (ИИМ академиясы)

      Сатылганов Талгарбек (Адам университети)

      Сабырбекова Жаннат (Кыргыз-Түрк “Манас” университети)

    Тургуналиева Гулназ (М.Кашгари атындагы Чыгыш университети) аныкталышты.

    Олимпиаданын жеңүүчүлөрү дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.Ушул сыяктуу иш чаралар студенттерди мамлекетти сүйүүгө, руханий баалуулуктарды,улуттук тарыхый эс-тутумду жана маданиятты билүүгө үндөйт жана шыктандырат.

Мамлекеттик тил боюнча II студенттик олимпиада өткөрүлдү


  • Автор: admin
  • Создано: Февраль 22nd, 2018
  • Просмотрено: 2021