Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

ENACTUS КЫРГЫЗСТАН БИЗДЕ КОНОКТО  


Маалыматтык технологиялар, менеджмент жана укук кафедрасы тарабынан Кыргызстандагы ENACTUS долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурлуп, жогорку кесиптик билим берүү факультетинин бардык адистиктери жана бардык курстарынын студенттери менен кызматташуу келишимине кол коюлду.  

ENACTUS (мурунку SIFE — эркин бизнестеги  студенттер) – бул дүйнө жүзү боюнча 35 өлкөдө лидерликти жана ишкердикти үйрөтүүчү практикага багытталган эң ири платформа. Жыл сайын университеттердин жана мектептердин бизнес командалары ENACTUS улуттук кубокто 100дөн ашык долбоорлорду тартуулашат. Бул долбоор республиканын 25 ЖОЖунда ийгиликтүү ишке ашырылууда. Биздин студенттер да өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүн жана таланттарын көрсөтүүгө чоң каалоолорун билдиришти.


  • Автор: admin
  • Создано: Ноябрь 22nd, 2022
  • Просмотрено: 427
Alexa Seleno
@alexaseleno