Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

КОНОК ЛЕКЦИЯ


Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинин башкы аудитору Ержан Токтобеков жана тышкы байланыштар боюнча менеджери Адам Бейшеналы институтта конокто болуп, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин ишмердүүлүгү сиздин аманатыңыздын кепилдиги” деген темада лекция окуду.  

Иш-чарага жогорку кесипти билим берүү факультетинин бардык адистиктеринин 2-3-курстарынын студенттери катышты.

Лекцияда Кыргыз Республикасындагы депозиттерди коргоо системасынын укуктук маселелери, алардын катышуучулары (коммерциялык банктар, микрофинансылык компания, турак жай-сактык кредиттик компания) камтылган. Баяндамачылар Депозиттерди коргоо фонду жана кайсы аманаттар корголгону тууралуу маалымат беришти. Лекция интерактивдүү формада өттү. Лекцияны кунт коюп уккан жана иш-чарага активдүү катышкан студенттер кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.


  • Автор: admin
  • Создано: Ноябрь 22nd, 2022
  • Просмотрено: 392
Alexa Seleno
@alexaseleno