Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

КУУнун Кесиптик колледжинде “Салыктык отчеттуулук жана аны түзүүгө талаптар” аталышындагы конок лекциясы өттү


     Ж.Баласагын атындагы КУУнун Кесиптик колледжинде ИСИТОнун окутуучусу Ш.А. Халилова “Салыктык отчеттуулук жана аны түзүүгө талаптар” аталышында конок-лекция өттү. Лекцияга КУУнун Кесиптик колледжинин студенттери чакыртылган.

     Ш.Халилова отчеттуулуктун тартиби, салык салуунун негизги түшүнүктөрү, салыктардын функциялары жана ролу жөнүндө айтып берди. Жана ошондой эле бухгалтердик эсепти жана салыктык отчеттуулукту түзүү, ар кандай коммерциялык уюмдун бухгалтердик кызматынын ажырагыс бөлүгү экендигин белгиледи.

     Лекциянын жүрүшүндө студенттер отчеттуулуктун мөөнөттөрү жана салык отчетун түзүүдөгү каталар боюнча суроолорду талкуулай алышты. Конок-лекция жогорку профессионалдык деңгээлде өттү.


  • Автор: Айзада Касымбекова
  • Создано: Февраль 27th, 2024
  • Просмотрено: 100
Alexa Seleno
@alexaseleno