Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

Кыргыз тили — ​улутубуздун чексиз дөөлөтү


a_sharshenbaevБилим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун (ИСИТО) Мамлекеттик тил боюнча проректору Шаршенбаев Акылбек Кадырбековичтен эртеңки 23-сентябрь кыргыз тили күнүнө карата бул институтта кандай иштер жүргүзүлүп жаткандыгын билүү үчүн бир нече суроолор менен кайрылдык.

— Акылбек Кадырбекович, алгач институт жөнүндө жалпы маалымат берсеңиз?

— ИСИТО 2003-жылы түзүлгөн. Анын негиздөөчүсү жана ректору экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Борис Хамитович Кубаев. Бүгүнкү күндө институт 17 адистик боюнча өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Бизде медколледж, профколледж, жогорку кесиптик билим берүү факультети, негизги адистиктер — медиктер, педагогдор, лингвисттер, юристтер, экономисттер, информатиктер даярдалат. Андан сырткары Токтогул, Талас, Токмок шаарларында филиалдарыбыз бар.

— Институттун өзгөчөлүгү эмнеде?

— Институттун түзүлгөнүнө он төрт жыл гана болгонуна карабастан бүгүнкү күндө башка жогорку окуу жайлары менен тең тайлашып келет. Материалдык-техникалык базабыз, китепкана фондубуз, профессордук-окутуучулук курамыбыз КР Билим берүү министрлиги тарабынан коюлган талаптарга толугу менен жооп берет. Мындан сырткары студенттик бейтапкана иштейт, студенттерибиз ошол жерден практикадан өтөт. Элибизге төбөсү көрүнгөн академиктер, профессорлор, илимдин докторлору менен кандидаттары сабак беришет.

Биздин институт мамлекет тарабынан каржыланбайт, тескерисинче мамлекетке жылына жети миллиондон ашык сом салык төлөп беребиз. Окуу корпустары, лабораториялар заманбап талапка ылайык салынып, студенттер үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Чет өлкөлүк өнөктөштөр катары Япония, Турция, Казакстан, Россия жана Белоруссия мамлекеттери менен илимий, техникалык, маданий жактан тыгыз байланыштабыз.

— Эми сиздин түздөн-түз аткарып жаткан жумушуңуз жөнүндө, тактап айтканда тилди өнүктүрүү боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатканына токтолсоңуз?

— Кыргыз Республикасынын 2014–2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу максатында, КР билим берүү жана илим министринин 2015-жылдын 16-ноябрындагы буйругунун негизинде жана билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун мамлекеттик тилди окуу процессинде, илимде, тарбиялык иштерде жана иш кагаздарында колдонуу, өнүктүрүү боюнча биздин окуу жайда 2017-жылдын 17-январында ректордун буйругу менен Мамлекеттик тил боюнча проректор оруну ишке киргизилген.

Кыска убакыттын ичинде көп жумуштарды жасаганга жетиштик: Биздин окуу жайдын бөлүм, кафедра башчыларын, окутуучулар менен кызматкерлерди иш кагаздарын мамлекеттик тилде сапаттуу жүргүзүүнү уюштуруу максатында атайын курстарды КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен биргеликте өткөрүп 17 кызматкерибиз тиешелүү сертификаттарды алышты. Окуу жайдагы бардык кафедралар, бөлүмдөр иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүдө. Китепкана фондубузга иш кагаздарына тиешелүү адабияттарды, орусча-кыргызча, кыргызча-орусча сөздүктөрдү, илимдин ар кайсы тармактарына байланышкан илимий-методикалык, энциклопедиялык китептерди алдык Лингвистика кафедрасынын алдында таланттуу балдардын башын кошкон «Жаш кыял» адабий клубу февраль айында түзүлүп, Алыкул Осмоновго арналган «Мезгил жана Алыкул» аттуу поэзия кечесин өткөрдүк.

Кыргыз тилине жана адабиятына көрүнүктүү салым кошкон инсандардын портреттерин жасаттык. Лингвистика кафедрасына мамлекеттик тилдеги кагаздарын сапаттуу жүргүзүү боюнча котормо иштерин жүргүзүү үчүн өзүнчө штат иштей баштады. Ушул жылдын апрель айында Мамлекеттик тил боюнча жогорку окуу жайлар ортосунда биринчи олимпиада Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде болуп өттү. 14 жогорку окуу жайы катышкан бул иш чарага мен төрагалык кылдым. Келерки жылы апрелде бул иш чараны биздин институтта өткөрөлү деп, эстафетаны өзүбүзгө өткөрүп алдык, буйруса жогорку деңгээлде өткөрөбүз деп турабыз.

Ушул эле жылдын 14-апрелинде “Адеп, ыйман жана маданият” жылына карата Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов менен чыгармачыл жолугушуу кечеси өткөрүлдү. Бул кечеге институттун профессордук-окутуучулар курамы менен студенттер катышышты. Кечени окуу жайдын ректору Кубаев Борис Хамитович ачып, акын А. Рыскуловдун коомдук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө, чыгармачыл жолуна кыскача токтолуп өттү. Институттун «Жаш кыял» адабий клубунун студенттери тарабынан акындын ырлары окулуп, суроо-жооп иретинде кызыктуу аңгеме курулду. Белгилүү обончу, аткаруучу Анарбек Сардарбеков Акбар агайдын «Кар вальсы», «Канышай», «Насыйкат», «Кошуна кыз», «110 маршрут» ж. б. обондуу ырларын жандуу үн менен гитаранын коштоосунда аткарып турду. Жолугушуунун жүрүшүндө Акбар Рыскулов студенттерге адеп, ыйман, тарбия тууралуу акыл-насаатын айтып, маанилүү маек куруп берди. Эл аралык эне тил күнүнө карата “Кыргыз-Казак тилдериндеги термин жана терминология маселелери” аттуу эл аралык илимий-практикалык тегерек стол уюштурдук. Тегерек столдун материалдары өзүнчө жыйнак болуп чыкты. Эми айта берсек жакшылыктарыбыз абдан эле көп.

— Бүрсүгүнкү тил күнүнө карата сиздерде кандай иш-чаралар болуп жатат?

— Дил баяндардын конкурсу өткөрүлүп жатат. Студенттердин күчү менен дубал газеталар чыкканы турат. Мындан сырткары, окуу жайдын короосунда чакан флеш-моб өткөрүлөт. Тилге болгон сүйүүсүн, урматын, баасын жогорулатуу максатында түрдүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Бир эле майрам күндөрү эмес, ар бир күнү тилдин тазалыгына урматтоо менен мамиле болушуна кам көрүп иштеп жатабыз. Негизги иш кагаздар эки тилде бирдей жүргүзүлүп жатат.

— Майрамдык каалооңузду да айтып кетсеңиз?

— Эми айтарыбыз, улуттун жүзү болгон атрибуттарыбыздын бири — тилибизди көздүн карегиндей сакташыбыз керек. Ага ар бир кыргыз жараны салым кошушу зарыл. Майрам күндөрү эле эстеп койбой, күн сайын, тынымсыз көңүл борборунда, жүрөк толтосунда болушу зарыл деп эсептейм. Мамлекетибиз да акыркы жылдары буга жакшы көңүл буруп жатат, ошого бул багытта иштеген кызматкерлер гана эмес, жалпы баарыбыз биргелешип аракеттенгенде гана тил таза сакталып, өсүп-өнүгүп, жоголбой, тескерисинче баалуулугу жогорулайт деп ишенем. Тил майрамыңыздар менен!

Зулхабира Ажыматоваa_sharshenbaev


  • Автор: admin
  • Создано: Сентябрь 21st, 2017
  • Просмотрено: 2300