Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

Кыргыз тили жана Айтматов ааламы


    Билим Берүүдөгү Заманбап Информациялык Технологиялар Институтунун Баткен филиалында 2023-жылдын 22-сентябрь күнү “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталыштагы  адабий кечеси болуп өттү

   Кыргыз республикасынын мамлекеттик тили жөнөнүндө Кыргыз республикасынын конституциялык мыйзамынын аткарылышын камсыз кылуу. Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата КР Министирлер кабинетинин 2023-жылдын 20-июнундагы №353- тескемесине ылайык КР Президентине караштуу Мамалекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгынын  алкагында адабий кече уюштурулду .

   Иш чарага ББЗИТИнин Баткен филиалынын директору Жаникулов Каныбек Байышбекович,профессордук окутуучулар курамы Эргешова Мавлюдахан Маннаповна,Сайтмурат кызы Сүйдүмкан, Бахтыбаева Гульназ жана жалпы студенттер катышышты . Кеченин биринчи бөлүгүндө Кыргыз тили гимни жанырып  студенттер хор ырдашты.Андан соң кечени ачып берүү үчүн директорго сөз берилди. Кыргыз тили адистиги боюнча окутуучу Тухташева Назира Абдукаримовна “Улут болсом тилим менен улутмун ,улук болсом дилим менен улукмун” деген темада презентация жасады. Улуттук наркты даназалап студенттер уллуттук бийге бийлеп,кыргыз тилинде жана башка улуттун  тилдеринде көркөм окуулар окулду. Таасирдүү видео тасма коюлуп студенттер жана окутуучулар арасында кызуу талкуу жүрдү.


  • Автор: admin
  • Создано: Ноябрь 28th, 2023
  • Просмотрено: 514
Alexa Seleno
@alexaseleno