Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

“Манастын уулу Семетей”


  2019-жылдын 9-октябрында  ИСИТОнун студенттери Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына “Манастын уулу Семетей” аттуу спектаклге барып келишти.

      Драманын окуясы Семетей баатырдын тегерегинде өтөт. Драма эл-жер үчүн ички, сырткы душмандар менен күрөшүү, лирикалык сүйүү темаларын ичине камтыйт. Семетей өз эли, жери жөнүндө кабарды Каныкейден уккандан кийин Таласка эртерээк жетүүгө умтулат. Ата конушунун керемет кооздугу Семетейдин көзүнө элестейт. Абыке, Көбөш сыяктуу өзүмчүл, кара өзгөй бийлөөчүлөрүнүн кол астында турган эл Семетейди бел кылып эсирген душмандарын жеңет. «Семетей» драмасында кыргыз элинин үрп-адаты, улуттук салты, этнографиялык өзгөчөлүктөрү кеңири көрсөтүлүп, драманын идеялык мазмунун толуктап, улуттук мүнөз берип турат.

 


  • Автор: admin
  • Создано: Октябрь 10th, 2019
  • Просмотрено: 4210