Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

МЕДКОЛЛЕДЖДЕ АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ


Медициналык колледжде  окуган 1-курстун  студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу уюштурулду.

Ага колледждин директору Р.Табалдиев, орто кесиптик билим берүү боюнча проректор Н.Толомушев, айымдык иш бөлүмүнүн башчысы Ж.Токторалы кызы, дарылоо иши жана акушердик иш бөлүмүнүн башчысы Ж.Бейшенбекова, фармация бөлүмүнүн башчысы С.Талантова, тайпалардын кураторлору жана ата-энелер катышты.

Чогулушта колледж тууралуу жалпы маалымат, адистиктер, билим берүү системасынын өзгөчөлүктөрү, колледждин жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү, электрондук Ебилим порталы боюнча маалымат, студенттердин тазалыгы, тартиби жөнүндө айтылды.

Ата-энелер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышып, сунуш-пикирлерин айтышты.

Соңунда ата-энелер колледждин жамаатына өз ыраазычылыктарын билдиришти.

Бул иш-чаранын негизги максаты студенттердин билим алуусу үчүн шарт түзүп берип жаткан ата-энелер менен тыгыз иш алып баруу, балдардын татыктуу адис болуп чыгуусуна өбөлгө түзүү болуп саналат.

 


  • Автор: admin
  • Создано: Декабрь 5th, 2022
  • Просмотрено: 401
Alexa Seleno
@alexaseleno